ТРТнын 23 - Апрель балдар фестивалы

ТРТнын салтка айланган 23 -  Апрель балдар фестивалы бул жылы Стамбулда Башакшехир Миллет бакчасында өткөрүлүүдө.

1816900
ТРТнын 23 -  Апрель балдар фестивалы

Түркия радио жана телеберүү мекемеси ТРТнын салтка айланган 23 -  Апрель балдар фестивалы бул жылы Стамбулда Башакшехир Миллет бакчасында өткөрүлүүдө.

Негизги сахнада TРT 2нин Эбру семинары, ТРТ Спордун улуттук спортчулары жана чакан шоу топторунун концерти, TRT Музыканын Замане тобу жана балдар скрипкачы Эрен Явуз концерти, ТРТ Чожуктун  Рафадан Тайфа мюзикл, MSB Мехтеран бөлүгүнүн  концерти, TРT Стамбул жана Анкара радиосунун көп үндүү балдар хорунун концерти жана Хажеттепе университетинин элдик бий тобу өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Мурат Далкылыч да негизги саханада балдар үчүн ырларын аткарууда.

ТРТ 1, ТРТ2, ТРТ Чожук, ТРТ Спор, ТРТ Хабер, ТРТ Аваз, ТРТ Мүзик, ТРТ даректүү тасма,  ТРТ ЕБА, ТРТ радиолору, ТРТ Архив каналдары курулган таанытуу стенддеринде балдар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Катышуучулар ошол эле учурда ТРТнын санариптик тиркемелерин да көрүшүүдө.

ТРТ Балдар дүйнөсү, ТРТ Тапкан талак жана ТРТ Балдар китеп текчеси тиркемелеринде да  балдар интерактивдүү оюн чөйрөлөрүндө көңүлдүү убакыт өткөрүшүүдө.

Иш – чара өткөрүлгөн аянтта өзгөчө аңгеме уктуруу, жаа атуу, ойлоп табуучулар көргөзмөсү, спорттук оюндар жана секирүү аянтчасы да бар.

23 -  Апрель балдар фестивалын ТРТ экрандарынан жана ТРТ радиолорунан  угуп көрүүгө болот.

 

 



Тектеш кабарлар