TRT Français эфирге чыга баштады

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, дүйнөлүк масштабда кеңейүү планынын бир бөлүгү болгон эл аралык телерадио уюмдары менен Türkiye Республикасынын үнүн дүйнөгө жарыялоону максат кылган жаңы санариптик кабар платформасы TRT Français бүгүн түз эфирге чыкты.

1807631
TRT Français эфирге чыга баштады

Ар кайсы өлкөлөрдө эффективдүү журналистика менен бирге уктуруу тилдеринин санын көбөйтүүнү максат кылган Türkiye радио-телеберүү мекемеси (TRT) француз тилинде уктуруучу «TRT Français» аттуу жаңы санариптик кабар платформасын курду.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, дүйнөлүк масштабда кеңейүү планынын бир бөлүгү болгон эл аралык телерадио уюмдары менен Türkiye Республикасынын үнүн дүйнөгө жарыялоону максат кылган мекеме тарабынан TRT World, TRT Arabic, TRT Russian and TRT German болуп эми курулган жаңы санариптик кабар платформасы TRT Français бүгүн түз эфирге чыкты.

«Trtfrancais.com» сайтында саясат, экономика, маданият жана жашоо тууралуу жаңылыктарды жана мазмунду жарыялай турган жаңы санарип кабар платформасы дүйнө жүзү боюнча француз тилдүү 28 өлкөгө жайылган кеңири аудиторияга жетүүнү көздөйт.

TRT Français сапаттуу жана оригиналдуу журналистиканы түшүнүү менен 24/7 санарип журналистика кызматын сунуштайт.

Платформа дүйнө жүзүндөгү француз тилдүү жолдоочуларын тез, так жана ачык журналистика менен тааныштырууну көздөйт, ар кандай мазмунда акыркы жаңылыктардан пикир макалаларына, маектерден видеолорго чейин жарыяланат.

ТРТнын башкы директору профессор Мехмет Захид Собажы, башка эл аралык платформалар сыяктуу TRT Françaisтин да калыстык жана адилеттүүлүк принциптерин сактоо менен жолдоочуларына тышкы дүйнөгө терең көз карашты берген журналистиканы уланта турганын белгилеп: «Биз глобалдык жолдоочуларыбызды борбордо кармай турган жаңылыктарды сизге эң тең салмактуу түрдө жеткирүүнү улантабыз. Коомдук телерадиокомпания катары биз жолдоочуларыбызды ишенимдүү маалымат жана шыктандыруучу мазмун менен күчтөндүрүүнү улантабыз»,-деди.

Айрыкча Türkiyeге каршы чет өлкөдө жасалган жалган маалымат жана каралоо иш-чараларына каршы мурдагыдан да так, ишенимдүү жана күчтүү маалымат булактарына муктаждык бар экенин баса белгилеген Собажы : «TRT Français бул муктаждыкты канааттандыруу үчүн керектүү убакта эфирге чыга баштады. Жолу байсалдуу болсун!»-деп айтты.

ТРТнын эл аралык берүүлөрдөн жооптуу башкы директорунун орун басары Өмер Фарук Танрыверди болсо максаттарынын чындыкты ачыкка чыгаруу экенин, бул максатта дүйнө жүзү боюнча эне тили французча болгон 76 миллион киши жана 274 миллион француз тилдүү жолдоочуга кызмат кылууну максат кылгандарын баса белгиледи.

ТРТнын башка эл аралык платформалары сыяктуу TRT Français да «trtfrancais.com» веб-сайтынан тышкары YouTube, Facebook, Twitter жана Instagram сыяктуу башка тармактарда да мазмун жарыялайт.



Тектеш кабарлар