Ыгдырдагы Нооруз иш-чарасына Түрк дүйнөсүнөн ырчылар жана бийчилер катышты

Чыгыш Түркстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Ирандан келген өнөрпоздор музыка жана бий өнөрлөрүн тартуулашты.

1798782
Ыгдырдагы Нооруз иш-чарасына Түрк дүйнөсүнөн ырчылар жана бийчилер катышты

Ыгдырда Нооруз иш-чараларынын алкагында Түрк дүйнөсүнөн келген ырчылар жана бийчилер концерт беришти.

Анда Чыгыш Түркстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Ирандан келген өнөрпоздор музыка жана бий өнөрлөрүн тартуулашты.

Маданият жана туризм башкармалыгынын имаратынын алдындагы иш-чарада, жумуртка кагыштыруу, от жагуу, темирди согуу, оттун үстүнөн секирүү сыяктуу салттуу ырым-жырымдар көрсөтүлүп, халай бийи менен уланды. 



Тектеш кабарлар