Ванда соода фестивалы башталды

Соода фестивалы 14 күнгө созулат.

1795834
Ванда соода фестивалы башталды

Өлкөсүндөгү 14 күндүк Нооруз майрамынан улам шаарга келген ирандык туристтерди кабыл алуу максатында быйыл 6-ирет уюштурулган «Van Shopping Fest» аттуу соода фестивалы башталды.

Вандагы шаардын тарыхый жана маданий баалуулуктарын таанытуу, бренд наркына салым кошуу жана жергиликтүү рынокту жандандыруу максатында ирандыктардын Новруз майрамына ылайык уюштурулган 'Shopping Fest' соода фестивалы кортеж жүрүш менен башталды.

Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен 2 жылга токтотулган соода фестивалы кызыктуу иш-чаралар менен 14 күн уланат.

Иш-чаралар 29-мартка чейин шаардын ар кайсы аймактарында өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар