Түркия менен Азербайжан биргелешкен тасмаларды чыгарышат

Керимов жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн баа берүү жыйынында Азербайжандын башка өлкөлөр менен болгон маданий карым-катнаштарына да баа берди.

1753875
Түркия менен Азербайжан биргелешкен тасмаларды чыгарышат

Азербайжандын маданият министри Анар Керимов Түркиянын кино тармагындагы тажрыйбасынан пайдаланууну каалагандарын жана жаңы жылда Түркия менен биргелешип кино тартууну пландагандарын билдирди.

Керимов жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн баа берүү жыйынында Азербайжандын башка өлкөлөр менен болгон маданий карым-катнаштарына да баа берип, бир тууган өлкө Түркия менен абдан жакшы карым-катнаштар бар экенин белгиледи.

Министр Керимов кызматка киришкенден кийин биринчи чет өлкөгө сапарын Түркияга жасаганын эске салып: «Көптөгөн маселелерди талкууладык. Кино тармагына да чоң жер бөлүп бердик. Биргелешкен кино тартууну пландап жатабыз. Түркиянын тажрыйбасын эске алышыбыз керек.

Түркия кино тармагында кыска убакыттын ичинде чоң секирикке жана ийгиликке жетишти. Бул тажрыйбаны алардан үйрөнгүбүз келет. Биргелешкен бизнес жүргүзүү, тажрыйба алмашуу сыяктуу кызматташууну пландап жатабыз. Жаңы жылда Түркия менен биргелешип кино тартуу күн тартибибизде»,-деди.



Тектеш кабарлар