Президенттиктин маданият жана искусство сыйлыктары өз ээлерин тапты

Сыйлыктарды президент Режеп Таййип Эрдоган тапшырды.

1750646
Президенттиктин маданият жана искусство сыйлыктары өз ээлерин тапты

Президенттиктин 2021-жылдагы маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыктарын тапшыруу аземи Президенттик комплексте болуп өттү.

Сыйлыктарды президент Режеп Таййип Эрдоган тапшырды.

Эрдоган аземде сүйлөгөн сөзүндө: «(Илим жана маданият тармагындагы сыйлыкка татыктуу болгон) Профессор доктор Теоман Дуралы менен эки жума мурун коштоштук. Мугалимибиз жергиликтүү жана улуттук позициясы менен илимге, даанышмандыкка ээ болгон, акыркы мезгилдин эң маанилүү интеллигенция өкүлдөрүнүн бири эле»,- деди.

Президент Эрдоган музыка тармагында сыйлыкка татыктуу деп табылган пианиночу Идил Биреттин өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө берген концерттери менен музыка тармагын даңазалаганын айтты.

Айкелчи, керамика жана айнек дизайнери Алев Эбуззиянын визуалдык искусство сыйлыгы менен сыйланганын белгилеген Эрдоган, кино тармагында сыйлыкка татыктуу деп табылган Жүнейт Аркындын түрк киносунун ийгилигине чоң салым кошконун билдирди. 

Каллиграфия тармагында сыйлыкка татыктуу деп табылган каллиграф, журналист жана сүрөтчү Этхем Чалышканды куттуктаган Эрдоган, адабият тармагындагы сыйлыктын журналист жана жазуучу Гүрбүз Азакка, эски китеп дүкөнү тармагында да Ибрахим Манавга сыйлык берилгенин айтты.

Эрдоган: «Идея дүйнөсүнө эң көп таасир эткен ысымдардын бири Кемал Тахирге Берилгендик сыйлыгын тапшыруудабыз. Бул биздин көптөгөн интеллигенциябыз үчүн шыктануу болду»,-деди.



Тектеш кабарлар