Ооган-Түрк Маариф мектептери Арьяна балдар лицейин 107 окуучу бүтүрдү

Салтанатта сөз сүйлөгөн TMV Ооганстандагы директору Сагыр, 100дөн ашуун окуучунун Афган-Түрк Маариф мектептеринин Арьяна эркектер лицейин бүтүрүүсүнүн сыймык экенин айтты.

1749836
Ооган-Түрк Маариф мектептери Арьяна балдар лицейин 107 окуучу бүтүрдү

Ооганстандын борбору Кабулдагы Ооган-Түрк Маариф мектептери Арьяна балдар лицейи 3-бүтүрүүчүлөрүн чыгарды.

Ооган-Түрк Маариф мектептеринин эл аралык Теймени кыздар лицейинин жыйындар залында өткөн бүтүрүү аземинде Түркиянын Кабулдагы элчиси Жихад Эргинай, Талибандын убактылуу өкмөтүнүн билим берүү министринин орун басары Мевлви Абдулхалык Ахунзаде, Түркия Маариф фондунун (TMV) Ооганстандагы директору  Салих Сагыр, Кабулдагы түрк мекемелеринин өкүлдөрү, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн TMV Ооганстандагы директору Сагыр, 100дөн ашуун окуучунун Афган-Түрк Маариф мектептеринин Арьяна эркектер лицейин бүтүрүүсүнүн сыймык экенин айтты.

Сагыр, Ооган-Түрк Маариф мектептери катары эч кандай шартта окууларын үзгүлтүккө учуратпагандыгын белгиледи.

Ооган эли менен ар дайым бирге экенин белгилеген Сагыр, билим берүү тармагында колунан келгендин баарын кылгандарын айтты.

Ооганстандын Билим берүү министринин орун басары Ахунзаде Түркия мамлекети жана эли Ооганстан элине ар дайым жардам берип, жаштарга эң жакшы билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп жатканын белгиледи.

Ахунзаде министрлик катары окуучулардын ооган-түрк Маариф мектептеринде билимин улантуусу үчүн ар кандай колдоого даяр экендиктерин билдирди.

Түркиянын Кабулдагы элчиси Эргинай болсо TMV Түркиянын маанилүү билим берүү мекемелеринин бири экенин баса белгиледи.

Эргинай Ооганстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелердин күчтүү экенин эске салып, «Ооганстан Түркия үчүн артыкчылыктуу орунду ээлейт. Түркия Ооганстан элинин жанында болууну улантат»,-деди.

Эргинай Түркия катары билим берүү тармагындагы кызматтарын өлкө боюнча жайылтууну каалашкандарын кошумчалады.

Иш-чара 107 бүтүрүүчүгө бүтүрүү сертификаттарын тапшыруу менен аяктады.



Тектеш кабарлар