Европа кино сыйлыктарында «Quo Vadis, Aida?» тасмасы «эң мыкты тасма» сыйлыгын алды

Аземде «Эң мыкты тасма» сыйлыгына татыган Жасмила Збаничтин «Quo Vadis, Aida?» тасмасы дагы 2 сыйлыкка ээ болду.

1746806
Европа кино сыйлыктарында «Quo Vadis, Aida?» тасмасы «эң мыкты тасма» сыйлыгын алды

Европа кино сыйлыктарында быйыл Сребреница кыргынын чагылдырган «Quo Vadis, Aida?» тасмасы «эң мыкты тасма» сыйлыгын алды.

Европа кино академиясы тарабынан уюштурулган 34-Европа киносыйлыгын тапшыруу аземи быйыл коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрүнө байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлдү.

Аземде «Эң мыкты тасма» сыйлыгына татыган Жасмила Збаничтин «Quo Vadis, Aida?» тасмасы дагы 2 сыйлыкка ээ болду.

Збанич «мыкты режиссёр» наамын жеңип алса, «Quo Vadis, Aida?» тасмасындагы ролу үчүн Жасна Дуричич «эң мыкты актриса» наамына да татыктуу болгон.

Режиссер Збанич сыйлыкты Сребреницадан келген энелерге жана аялдарга, ошондой эле өлтүрүлгөн аталарга, аялдарга жана уулдарга арнаарын айтты.

 «Эң мыкты актер» сыйлыгын «Ата» тасмасындагы ролу үчүн Энтони Хопкинс алса, «Эң мыкты сценарий» наамын «Ата» тасмасынын сценаристтери Флориан Зеллер менен Кристофер Хэмптон алышты.

Режиссер Йнгвилд Све Фликке тарткан «Нинджаби» тасмасы «Эң мыкты комедия» сыйлыгын алды.

Аземде «эң мыкты даректүү тасма» жана «эң мыкты анимация» номинацияларында Йонас Похер Расмуссен режиссёру болгон «Качкыла» тасмасы сыйлык алса, даниялык режиссёр Сюзанна Биер дүйнө жүзү боюнча Европа киносуна кошкон салымы үчүн сыйланды.

Европа киносыйлыктары «Европанын Оскары» деп эсептелет.



Тектеш кабарлар