Айтматов Анкарада эскерилди

Түркиянын борбор шаары Анкаранын Кечиөрен районундагы «Чынгыз Айтматов» паркында Айтматовду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

1746288
Айтматов Анкарада эскерилди
Cengiz Atmatov anma 11.jpg
Cengiz Atmatov anma 16.jpg
Cengiz Atmatov anma 13.jpg

Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматов Анкарада эскерилди.

Туулганынын 93-жылында Чынгыз Айтматовду Түркиянын борбор шаары Анкаранын Кечиөрен районундагы «Чынгыз Айтматов» паркында райондун мэри Тургут Алтынок, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Элчилик кызматкерлери, Анкарадагы дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү, Анкарада иштеген жана окуган кыргыз жарандары жана Кечиөрендин тургундары эскеришти.

Улуттук гимндер ойнолуп, таазим кылуулардан кийин элчи Өмүралиев жана Тургут Алтынок Айтматов тууралуу сөз сүйлөштү жана Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Иш-чарага келген жарандар дагы эстеликке гүл коюшуп, сүрөткө түшүштү.



Тектеш кабарлар