Мурат Караханга Италиянын мамлекеттик медалы тапшырылды

Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы директору, тенор  Мурат Карахан Италиянын «Жылдыз рыцары» мамлекеттик медалы менен сыйланды.

1729327
Мурат Караханга Италиянын мамлекеттик медалы тапшырылды
murat karahan italya devlet nisani1.jpg
murat karahan italya devlet nisani.jpg

Мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы директору, тенор  Мурат Карахан Италиянын «Жылдыз рыцары» мамлекеттик медалы менен сыйланды.

2009 – жылдан бери  дүйнөгө белгилүү опера ырчыларынан билим алган жана Италиянын түркү деп аталган Карахан Италиянын эң негизги сахналарында көп сандаган опералык чыгармаларда башкы ролдордо орун алды.

Өлкө тышында Түркияны ийгиликтүү түрдө өкүлдүк кылган Мурат Карахан Италия тарабынан абдан аз кишиге берилген Италия Республикасынын «Рыцарлык» медалына ылайык көрүлдү. Италиянын Анкара элчиси Массимо Гаяни элчиликте өткөн азем менен Караханга Италия мамлекеттик медалын тапшырды.

Гаяни : "Мурат Карахан Түркия менен Италиянын ортосунда абдан маанилүү маданий көпүрө курду. Ал бул эки өлкөнүн эң мыкты элчиси. Ал талашсыз бир сүрөтчү. Ага Италиянын мамлекеттик медалын тапшырганыбыз үчүн абдан кубанычтабыз",-деди.

Италиянын президенти Сергио Маттарелла жана элчи Массимо Гаяниге Италия  мамлекетинин ордени үчүн ыракмата йткан Мурат Карахан алган медалынын эки  өлкөнүн ортосундагы достуктун символу экенин айтты. Аземден кийин угармандарга концерт  тартуулаган Мурат Карахан түрк жана италиянча ырларды аткарды.



Тектеш кабарлар