Түркеви имаратынын курулуш процесси видео менен түшүндүрүлдү

Видеолор президент Эрдогандын катышуусунда имараттын пайдубалы түптөлгөн 2017-жылдын 18-сентябрынан 2021-жылдын 20-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.

1724096
Түркеви имаратынын курулуш процесси видео менен түшүндүрүлдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 20-сентябрда ачылган АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Түркеви имаратынын 4 жылдык курулуш процессинин убакыт аралыктуу (time-lapse) 1,5 мүнөттүк видеотасмасы жарыяланды.

Видеолор президент Эрдогандын катышуусунда имараттын пайдубалы түптөлгөн 2017-жылдын 18-сентябрынан 2021-жылдын 20-сентябрына чейинки мезгилди камтыйт.

Технология гиганты IBM фирмасынан сатылып алынган Түркеви имараты 1977-2014-жылдар аралыгында түрк дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн тейлеген жана 4 жылдын ичинде ошол эле жерде бузулуп кайра курулган.

Президент Эрдоган жаңыланган Туркеви имаратынын ачылышын 20-сентябрда жасады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы кеңсесинин так маңдайында жайгашкан 171 метр бийиктиктеги 35 кабаттуу Түркеви имаратында Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү, Нью-Йорк Башкы консулдугу жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлчүлүгү жайгашкан.

Кошумчалай кетсек, болжол менен 20 миң чарчы метр аянтка ээ болгон 200 кишилик аудиториясы, жыйын жана көргөзмө залдары жана жатаканалары менен бир эле учурда көптөгөн кызматтарды бере ала турган динамикалуу жана коопсуз имарат.



Тектеш кабарлар