Арслантепе дөбөсү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди

Малатиянын Батталгази районундагы Арслантепе дөбөсү ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.

1680805
Арслантепе дөбөсү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди
arslantepe hoyugu.jpg
arslantepe hoyugu1.jpg

Малатиянын Батталгази районундагы Арслантепе дөбөсү ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.

Маданият жана туризм  министрлигинен берилген маалыматка караганда биздин заманга чейинки  4 000 – жылы Чыгыш Анадолу жана Месопотамия цивилизацияларында мамлекеттин түзүлүү процессине жана мезгилдин өнүгүшүнө күбө болгон Арслантепе дөбөсү онлайн режимде өткөн 44 -  Дүйнөлүк мурастар комитетинин жыйынында чыгарылган чечим менен тизмеге кирди.

Арслантепе дөбөсүн тизмеге киргизүү чечиминде маданий салттар жана коомдук баалуулуктардын өзгөрүшү, социалдык айырмачылыктар менен экономикалык өзгөчөлүктөргө негизделген социалдык жана саясий системалардын ортого чыгышына күбө болушу сыяктуу өзгөчөлүктөр таасирдүү болду.

Дөбөнүн Жакынкы Чыгышта  алгачкы мамлекеттик коомдун ортого чыгышына күбө болушу, аймактын экономикасын көзөмөлдөгөн жана борбордук бийликти жүргүзгөн бир башкаруунун ортого чыгышы сыяктуу көптөгөн  өзгөчөлүгүнө, дүйнөлүк мурас тизмесине  киришинде комитет тарабынан көңүл бурулду.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой  твиттерден  бул тууралуу : «Түркиянын маданий байлыгы дүйнөлүк мураска айланды. 44-Дүйнөлүк Мурас комитетинин жыйынында кабыл алынган чечим менен Арслантепе дөбөсү ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катталды».



Тектеш кабарлар