НАСАнын фотосүрөт сынагында Ван көлү финалда

Ван көлү биринчи орун үчүн 2012-жылы Америка континентинин үстүнөн тартылган "кыймылдагы жылдыздар" менен ат салышат.

1616566
НАСАнын фотосүрөт сынагында Ван көлү финалда

Ван көлүнүн космостон тартылып алынган фотосүрөтү АКШнын Авиация жана Космос Агенттигинин (НАСА) фотосүрөт сынагында финалга чыкты.

НАСА жыл сайын космонавттар тарабынан тартылган дүйнөнүн фотосүрөттөрүн камтыган сынак уюштуруп келет.

"Дүйнөлүк Турнир" деп аталган онлайн сынакта, дүйнөдөгү эң ири минералдуу көл болгон Ван көлүнүн фотосүрөтү финалга чыкты.

2016-жылдын 12-сентябрында космонавт Кейт Рубинс тарабынан тартылган фотосүрөт "бейпилдик" категориясында биринчи болду жана жарым финалдагы атаандашы "булут мунарасын" артта калтырды.

Ван көлү биринчи орун үчүн 2012-жылы Америка континентинин үстүнөн тартылган "кыймылдагы жылдыздар" менен ат салышат.

Жарым финалда 94 пайыздык добуш алган Ван көлүнүн финалдагы атаандашы болсо 60 гана пайызды топтой алды.

12-апрелде аяктай турган акыркы турдагы добуш берүү НАСАнын расмий интернет баракчасы аркылуу өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар