Пакистандын премьер-министри калкына түрк сериалдарын көрүүнү сунуштады

Жергиликтүү телеканалга берген маегинде Хан, уюлдук телефонду туура эмес пайдалангандыктан коом "кыйроого" учураганын, «Сиз бир нерсеге тыюу сала албайсыз, бирок калкка альтернативдүү көңүл ачууну сунуштай аласыз»,деген сөздөрдү айткан.

1540307
Пакистандын премьер-министри калкына түрк сериалдарын көрүүнү сунуштады

Пакистандын премьер-министри Имран Хан калкка жакшы үлгү көрсөтүү үчүн түрк сериалдары өлкөдө көрсөтүлүп жаткандыгын айтты.

Жергиликтүү телеканалга берген маегинде Хан, уюлдук телефонду туура эмес пайдалангандыктан коом "кыйроого" учураганын, «Сиз бир нерсеге тыюу сала албайсыз, бирок калкка альтернативдүү көңүл ачууну сунуштай аласыз»,деген сөздөрдү айткан.

Пакистандын «Юнус Эмре Ашкын Йолжулугу» жана «Дирилиш Эртугрул» сыяктуу чыгармаларды экранга чыгарууга аракет кылаарын белгилеген Хан: «Түрк сериалдары Пакистанда өлкөнүн элдерине, айрыкча жаштарга билим берүү жана жакшы үлгү көрсөтүү максатында көрсөтүлөт»,-деп айтты.

Пакистанда, Хандын талабына ылайык, өткөн Рамазан  айында «Дирилиш Эртугрул» жана «Юнус Эмре Ашкын Йолжулугу» жана жуманын башында «Юнус Эмре Ашкын Йолжулугу» мамлекеттик телекөрсөтүү PTV каналында урду дубляжы менен көрсөтүлө баштады.

Хан 1-декабрда «Мен PTVдан көрсөтүлгөн «Юнус Эмре» сериалын мистикага кызыккандарга катуу сунуштайм»,- деди. 25-апрелде болсо «Дирилиш Эртугрул» сериалы жөнүндө «Пакистандык жаштар түрк сериалдарын көрүп Ислам тарыхы жана адеп-ахлагы жөнүндө маалымат ала алышат»,деген баасын берген болчу.

Пакистанда чоң кызыгуу тапкан «Diriliş Ertuğrul» телесериалынын YouTubeдагы «TRT Ertugrul by PTV» каналынын жазылуучуларынын саны 10 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар