Кыска метраждуу тасмалардын фестивалына саналуу күндөр калды
Фестивалда Түркиядан 6, Ирандан 3, Босния-Герцеговина, Италия, Германия, Гана, Кыргызстан, Франция менен Хорватиядан бир бирден тасма ат салышат.
Быйыл Юнус Эмренин элесине арналып уюштурулган 3-Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын достук фестивалына саналуу күндөр калды.
11-13-декабрь күндөрү онлайн режиминде өтө турган фестивалдын жарнамалык тасмасы фестивалдын веб-сайтына жана социалдык тармактардагы аккаунттарына жарыяланды.
Жыл сайын кыска метраждуу жана өзгөчө темада тартылган жарнамалык тасма быйыл Эсин Гүлер менен Ибрахим Каракаш тарабынан анимация түрүндө даярдалды.
Кино искусствосуна жана маданий турмушка чоң салым кошкон кыска метраждуу тасмаларды көрүүчүлөргө тартуулаган фестивалда 47 кыска метраждуу жана 3 көркөм фильм "www.dostlukfilmfestivali.com" сайтынан кино сүйүүчүлөргө көрсөтүлөт.
3-Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын достук фестивалында Түркиядан 6, Ирандан 3, Босния-Герцеговина, Италия, Германия, Гана, Кыргызстан, Франция менен Хорватиядан бир бирден тасма ат салышат.
Сыйлыктар 14-декабрда өтө турган сыйлык тапшыруу аземинде ээлерине берилет.