TEKNOFEST Дрон чемпионатына кожоюндук кылат

Дрон чемпионатынын финалы түз эфирде көрсөтүлөт.

1493686
TEKNOFEST Дрон чемпионатына кожоюндук кылат

Түркиянын алгачкы авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST, Түркия Дрон чемпионатына кожоюндук кылат.

«Улуттук технология секириги» урааны менен Түркияны технология чыгарган коомго айландырууну максат кылган TEKNOFEST, Түркия технологиялар командасы фонду менен Өнөр жай жана технология министрлигинин жетекчилигинде, алдыңкы технология компаниялары, мамлекеттик мекемелер, медиа мекемелери жана университеттердин колдоосу менен Газиантептеги Жакынкы Чыгыш көргөзмө борборунда 24-27-сентябрь күндөрүндө өткөрүлөт.

Фестиваль эң ылдам дрон колдонуучулардын кызыктуу мелдешине күбө болот. TEKNOFESTтин алкагында уюштурулган Түркия Дрон чемпионатынын финалы Газиантептеги Румкаледе 25-26-сентябрда болот. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү ышкыбоздор үчүн атайын иш-чара болгон жана  кызыгуу менен коштолгон дрон жарыштарынын финалында жеңишке жетишкендер Дүйнөлүк дрон кубогунда Түркияны өкүлдүк кылышат.

Румкаледеги тарыхый жана кооз жерде атайын даярдалган жолдо пилоттор өздөрү иштеп чыккан жана кураган унаалар менен ат салышат. Ылдамдык жана маневр жөндөмү жогору, толугу менен колдонуучунун көзөмөлүнө негизделип долбоорлонгон унаалар боло турган Түркия Дрон чемпионатынын финалына 16 лицензияланган пилот катышат.

Түркия дрон чемпионатынын финалы түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар