Коомчулукту бет кап тагууга көндүрүү керекпи?

Кембридж жана Гринвич университеттеринин жасаган изилдөөлөрү "Proceedings of the Royal Society A" журналында жарыяланды.

1433539
Коомчулукту бет кап тагууга көндүрүү керекпи?

Англияда жасалган бир изилдөө бет кап тагуу, улуттук эпидемияларда жаңы ттиптеги коронавирустун (Covid-19) жайылуусун көзөмөлдөй алгыдай деңгээлге жеткире турганын айкындады.

Кембридж жана Гринвич университеттеринин жасаган изилдөөлөрү "Proceedings of the Royal Society A" журналында жарыяланды.

Изилдөө тобунда орун алган Ричард Статт, социалдык аралык жана көчөгө чыгууга тыюу салуулар менен чогуу ишке ашырылган беткапты кеңири эл массасынын тагуусунун, Covid-19га каршы таасирдүү вакцина өндүрүп чыгарганга чейин «экономикалык иштерге кайрадан уруксат берүү жана эпидемияны башкарууда ылайыктуу ыкма боло ала турганын» белгиледи.

Адистер изилдөөнүн алкагында Covid-19дун кайрадан көбөйүү катышына таасирине баа бериш үчүн пандемиянын адамдардын арасында жайылуу динамикаларын калк моделдери менен байланыштырды.

Ар башка сценарийлер каралган эмгектерде, адамдардын коомчулуктун ичине ар бир киргенде бет кап тагууларынын, бир гана симтомпдор көрүнгөндөн кийин такканга караганда Covid-19дун кайрадан жайылуу катышын азайтууда эки эсе дагы таасирдүү болгону байкалды.

Адистер ошондуктан дайыма бет кап тагуунун келечекте көрүнө турган толкундардын таасирин азайта турганына жана дагы аз чектөөлөргө мүмкүн кылганына белги берди.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) да Covid-19 пандемиясынын жайылуусуна бөгөт болуш үчүн учурдагы эрежесин жаңылап өкмөттөргө алгач ирет коомдук жерлерде материал жүз бет каптарынын тагылуусуна шыктандыруу боюнча сунушун кылды.



Тектеш кабарлар