Түрк ашканасынын теңдеши жок даамдары Мадридде таанытылды

«Түрк ашканасын таанытуу» иш чарасына катышуу жогору болду.

1287546
Түрк ашканасынын теңдеши жок даамдары Мадридде таанытылды

 Испаниянын борбор шаары Мадридде түрк ашканасынын теңдеши жок даамдары таанытылды.

Түркиянын Мадриддеги элчилиги, Юнус Эмре Мнститутунун Мадриддеги өкүлчүлүгү жана Intercontinental Hotelдин кызматташуусунда октябрь айынын ар бир жекшемби күнү боло тургандай түрдө уюштурулган «Түрк ашканасын таанытуу» иш чарасына катышуу жогору болду.

Түрк ашканасын таанытуу тууралуу өткөрүлгөн экинчи жумадагы иш чарага катышкан Түркиянын Мадриддеги элчиси Жихад Эргинай Түркияны таанытуунун негизинде түрк тамактарын таанытышкандарын белгилеп : «Бул жерге келген кардарларга түрк даамын тартуулоону кааладык. Жакшы пикирлер айтылууда. Кийинки мезгилдерде да түрдүү өнөктөштөр менен улантууну ойлоп жатабыз»,- деди.

Мадриддин борборундагы мейманкана салттуу түрдө жекшемби күндөрү уюштурган эрте мененки жана түшкү тамакта курулган түрк бурчунда кардарларга ар жума сайын түрдүү даамдар тартууланууда.



Тектеш кабарлар