Женнифер Лопез концерт коюу үчүн Анталияда

Женнифер Лопез "It's My Party" гасторлунун негизинде эрте менен Анталияга келди.

1248267
Женнифер Лопез концерт коюу үчүн Анталияда

Америкалык өнөрпоз Женнифер Лопез концерт коюу  үчүн Анталияга келди.

Анталиянын Серик районунун Белек туризм борборундагы бир мейманканада  "It's My Party" гасторлунун негизинде эртең концерт коё турган Лопез эрте мененки сааттарда Анталияга келди.

Анталия аэропортунан полициянын коштоосунда концерт коё турган мейманканага барган Лопез үчүн мейманканада 5 орундуу бөлмөсү менен атайын бассейин жана тик учар конуучу аянты бар, ок өткөрбөс айнек менен капталган 3 кабаттуу вилла даярдалды.

Концертте 150 кишилик топ кызмат кылат. Алардын ичинен 90 киши Лопездин атайын тобунда. Анталияда үч түн өткөрүшү пландалган Лопездин концерттен кийин өлкөсүнө кайтары билдирилди.



Тектеш кабарлар