Конияда "2 - суфи кино күндөрү"

2 -  суфизм кино күндөрү Конияда башталды.

1194523
Конияда "2 -  суфи кино күндөрү"

Мевлана жана үй  - бүлөсүнүн Конияга келишинин 791 -  жылдыгына арналган иш чаралардын негизинде 2 – 5-  май күндөрнүн арасында өткөрүлө турган 2 -  суфизм кино күндөрү Конияда башталды.

Облустук маданият жана туризм дирекору Абдүссеттар Ярар Мевлана маданият борборунун Султан Велед залында өткөрүлгөн иш чаранын ачылышында  сүйлөгөн сөзүндө 4 күн кинолор, даректүү филимдер, кыска филимдер, паннелдер, театр жана концерттер менен бирге бир топ иш чаранын өткөрүлөрүн айтты.

Иш чараларда биринчи күнү ирандык режиссер Межид Межидинин «Мажурум тал» аттуу киносу көрсөтүлдү. Түрдүү кинолор көрсөтүлө турган, маектер, паннелдер жана башка иш чаралар менен улантыла турган Суфисин 5 -  май жекшемби күнү өткөрүлө турган сыйлык тапшыруу аземи менен аяктайт.

Программага Кония мэринин орун басары Фатих Өзгөкчен, Кония техникалык университетинин ректору профессор доктор Бабүр Өзчелик, сценаристтер, жазуучулар, режиссерлор менен көп сандаган өнөр сүйүүчүлөр катышты.

 

 

 



Тектеш кабарлар