Дирилиш Эртугрул сериалынын жылдызына чоң кызыгуу көрсөтүлдү

"Дирилиш Эртугрул" сериалынын башкы каарманынын аткаруучусу Энгин Алтан Дүзятан Кувейтте күйөрмандары менен жолугушту.

1190714
Дирилиш Эртугрул сериалынын жылдызына чоң кызыгуу көрсөтүлдү

Түркия телекөрсөтүү жана радио мекемеси ТРТнын рейтинг рекорддоруна жетишкен "Дирилиш Эртугрул" сериалынын башкы каарманынын аткаруучусу Энгин Алтан Дүзятан Кувейтте күйөрмандары менен жолугушту.

Өз аты менен чыгарыла турган одеколонду таанытуу иш чарасына катышуу үчүн Кувейтке барган Дүзятан  борбор шаар Кувейттеги Ел  - Намра Товерде күйөрмандары менен жолугушту.

Жолугушууга Түркиянын Кувейттеги элчиси Айше Хилал Саян Койтак менен бирге Энгин Алтан Дүзятандын жүздөгөн күйөрманы катышты. Дирилиш Эртугрул сериалынын музыкалары коюлган жолугушууда Дүзятан күйөрмандары белгилүү актер менен сүрөткө түшүү үчүн бири бири менен жарышты.



Тектеш кабарлар