Түркиянын маданиятын таанытуучу порталга киргендердин саны кыйла өстү

Түркиянын тарыхы, туристтик жана маданий байлыктарын тааныткан Түркия маданият порталына жылдын алгачкы чейрегинде 1 миллион 622 миң 783 киши кирди.

1177351
Түркиянын маданиятын таанытуучу порталга киргендердин саны кыйла өстү

Түркиянын тарыхы, туристтик жана маданий байлыктарын тааныткан Түркия маданият порталына жылдын алгачкы чейрегинде 1 миллион 622 миң 783 киши кирди.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан жергиликтүү жана чет элдик туристтерге маданият, туризм, искусство темасында ишенимдүү маалымат камсыздалышы үчүн даярдалган порталда, Түрк тили жана адабиятынан тартып элдик маданиятка чейин, Түрк кооздоо искусстволррунан тартып археологиялык мураска чейин, аймактык белгиси бар товарлардан салттык ашканага чейин ар түрдүү тармактарда маалыматтар орун алган.

Министрлик тарабынан 2015-жылы ишке ашырылган Түркиянын маданият порталы, музейлер, байыркы шаарлар, кыдылса боло турган жерлер, мейманканалар жана иш-чаралар туурасында саякатчыларга маалымат берет.

Киргендердин саны жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 90 пайзыга арткан порталга «www.kulturportali.gov.tr» адресинен жете аласыздар.

Өткөн жылдын биринчи чейрегинде 872 миң 127 киши кирген портал, быйыл киргендердин санын тийиштүү мезгилде 1 миллион 622 миң 783 кишиге жеткирди.

Порталга киргендердин 1 миллион 462 миң 99 киши кишини кандайдыр бир рекалама же багыттоо жыйынтыгы болбогон «органик» деп аталган кыдыруучулар түздү.

Түркиянын маданият порталында эң көп кирилген алгачкы беш облус болсо катары менен Бурса, Газиантеп, Анкара, Мерсин жана Ыспарта болду.



Тектеш кабарлар