Мевлананы эскерүү аземинде селжуктук кийимдер көргөзмөгө чыкты

Мевлана Желаледдин – и Руми каза болушунун 745 -  вуслат жылында Конияда аземдер менен эскерилүүдө.

1107643
Мевлананы эскерүү аземинде селжуктук кийимдер көргөзмөгө чыкты

Мевлана Желаледдин – и Руми каза болушунун 745 -  вуслат жылында Конияда аземдер менен эскерилүүдө.

«Салам берүүнүн убакытысы» деген темада өткөрүлгөн аземдер тогузунчу күнүндө да иш чаралар менен улантылды.

Кония өнүктүрүү институту тарабынан даярдалган жана Мевлана маданий борборунун Фуайе аянтында көргөзмөгө чыккан селжуктук мезгилиндеги кийимдер келген коноктор тарабынан абдан чоң кызыгуу көрдү.

Жергиликтүү жана чет элдик бир топ турист көргөзмөдөгү кийимдер менен эстеликке сүрөткө түшүштү. Ар бир  кийимдин жанында ал кийим тууралуу маалымат жазылган куту да орун алды.

Кийимдер эч бир машина колдонулбастан кол өнөрчүлүгү менен тигилди. Көргөзмөдө орун алган 8 кийимдин даярдалышы, тарыхый изилдөөсү жана тигилиши бир жылга жакын убакытта бүткөрүлдү.

Мевланын 745 – вуслат жылы эл аралык эскерүү аземдеринин негизинде түркчө жана англис тилинде Месневи сабактары, конференциялар, театр, маектешүүлөр,  ыр уктуруу сыяктуу иш чаралар өткөрүлдү.

Аземдерде Мевлана маданий борборунун сема залында күн сайын кечинде саат 20:00дө башталган программада солисттигин Ахмет Өзхан аткарган Стамбул Тарыхый Түрк Музыка группасы чыгармаларын тартуулашты.

Өмер Тугрул Инанчердин Месневи маегинен кийин Кония түрк суфизм музыка группасы тарабынан сема айин – и шерифи аткарылууда.

 

 



Тектеш кабарлар