Канадада бир түрк ардак сыйлыгын алды...

Канаданын Niagara-On-The-Lake районунда жашаган Канаданын атуулу 95 жаштагы түрк д-р Фуад Шахин, өлкөдөгү мусулман жана түрк коомчулугуна көрсөткөн салымдарынан улам медалга ылайык көрүлдү.

887936
Канадада бир түрк  ардак сыйлыгын алды...

Канада тарыхында алгач ирет бир түрк, Канада коомчулугуна эмгек сиңиргендерге берилген эң чоң сыйлык болгон «Канаданын ардак медалы (Order of Canada)» менен сыйланды.

Канаданын Niagara-On-The-Lake районунда жашаган Канаданын атуулу 95 жаштагы түрк д-р Фуад Шахин, өлкөдөгү мусулман жана түрк коомчулугуна көрсөткөн салымдарынан улам медалга ылайык көрүлдү.

Осмон ипериясынын Алжирдеги офицерлеринен Мехмет Салихтин уулу д-р Фуад Шахин, Канада түрк коомчулугу тарабынан «Түндүктөгү акыркы осмондук» деп аталган.

Шахин, 1922-жылы Триполиде туулган жана 1958-жылы көчүп барган Канадада бир топ мечит, коом жана фонддордун курулушуна жол башчылык кылып, түрк жана мусулман коомчулуктардын жүрөгүнөн түнөк тапты.

Фуад Шахин Канадада 60 жылдан бери бир нерселерди жасаш үчүн аракет кылганын, мунун да Канада органдары тарабынан эске алынышына ыраазы болгонун айтты.

Королева 2-Элизабети өкүлдүк кылган Канаданын башкы губернатору Жули Пайеттиин кеңсесинен телефон чалышканын түшүндүргөн Шахин: «Ушул убакка дейре кылгандарымды сөз кылышып мага ушул сыйлыкты ылайык көргөндөрүн айтышты»,-деди.

Д-р Шахин, мындан мурда да арасында Онтарио штаттык эмгек сиңирүү медалы да болгон бир топ сыйлыкка ылайык көрүлгөн.

Канада ардак медалы д-р Фуад Шахинге 2018-жылы 24-январда Оттавадагы Канаданын башкы губернаторлугунун имаратында уюштурула турган азем менен тапшырылат.



Тектеш кабарлар