Жамала БУУнун жакшы ниет элчиси

Евровидение 2016нын биринчиси Крым татар ырчысы Жамала БУУнун Эл аралык миграция уюмунун жакшы ниет элчиси болду

825842
Жамала БУУнун жакшы ниет элчиси

Евровидение 2016нын биринчиси Крым татар ырчысы Жамала БУУнун Эл аралык миграция уюмунун жакшы ниет элчиси болду.

БУУнан берилген маалыматта Жамаланын жакшы ниет элчиси катары адам сатууга каршы күрөшкө катышары белгиленди. Жамаланын заманбап кулчулукка каршы өткөрүлө турган информация кампаниясында орун алары билдирилген маалыматта ырчынын заманбап кулчулук маселесине карата бир клипте ойной тургандыгы белгиленди.

Швециянын борбор шаары Стокгольмда өткөн жылы 61 -  өткөрүлгөн Евровидение ыр конкурсунда Крым татар сүргүнү жана чоң энеси жашаган трагедияны тема кылып алган «1944» аттуу ыры менен Жамала Украинанын атынан катышып жана 534 балл менен биринчи болгон.



Тектеш кабарлар