Бүгүн Ислам дүйнөсү Кадыр түндү тосот

Түркияда Кадыр түн Бештепедеги Миллет мечитинде жана Стамбулдагы Аясофияда тосулат.

757108
Бүгүн Ислам дүйнөсү Кадыр түндү тосот
ayasofya.jpg

Кадыр түн Бештепедеги Миллет мечитинде жана Стамбулдагы Аясофияда тосулат.

Ислам дининде миң айдан дагы кайрымдуу болгон шаршембини бейшембиге кошкон түндө башталган Кадыр түндөн улам президенттик комплексиндеги Бештепе Миллет мечитинде атайын бир программа уюштурулат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да Кадыр түндө Бештепедеги Миллет мечитинде болот.

Программада египеттен келген хафиз Мемдух Ибрахим Амир, хафиз Адем Кеманежи, түштүк африкалык хафиз Абдуррахман Садиен, босниялык хафиз Сенад Подожак Курани карим окушат.

Диний ырлар жана касыйдалар да аткарыла турган программанын акырында зоорду Миллет мечитинде кыла тургандар үчүн тамак берилет, шам жана куптан намаздарынын арасында даам таттырылат.

Кадыр түн Стамбулдагы Аясофияда да атайын программа менен тосулат.

Программага дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез катышат.

ТРТ-Диянетте берүлүүчү «Берекет убагы Аясофия» аттуу программанын Кадыр түн боюнча атайын берүүсүндө Аясофия мечитинин ичинде Курани карим, такбир жана азан үндөрү жаңырат.

Бир тараптан Мехмет Гөрмез Кадыр түн боюнча билдирүү жарыялады.

Гөрмез билдирүүсүндө, «Кадыр түндө биз момундарга түшкөн эң чоң милдет кылымдар мурда жер шарынын асманына түшүп адамзатты агарта баштаган Куранды жүрөгүбүздүн толтосуна кайрадан түшүрүү»,-деди.

Кадыр түн бүткүл адамзаттын кадырын жогорулаткан түн экенин баса белгилеген Гөрмез, Алланын бул түндө жөнөткөн Курани карим менен адамзатка кайрылганын, акыркы жана кынтыксыз дин болгон Ислам менен адамзатты сыймыктандырганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар