Лондондо 15 - июль көргөзмө жана дефильеси
Англияда Фетуллахчы террордук уюмдун 15 - июлдагы ийгиликсиз козголоң кыймылын фотография, кийимдер менен түшүндүргөн көргөзмө ачылды
Англияда Фетуллахчы террордук уюмдун 15 - июлдагы ийгиликсиз козголоң кыймылын фотография, кийимдер менен түшүндүргөн көргөзмө ачылды. Түркиянын Лондон элчилигинин турак – жайында Лондон мода жумалыгынын негизинде ачылган көргөзмөдө Түркиянын демократиялык күрөшү даректүү фильм жана фотографиялар менен түшүндүрүлдү.
Көргөзмөнүн ачылышына президенттиктин башкы кеңешчиси Айше Түркменоглу, Түркиянын Лондон элчиси Абдуррахман Билгич, Өзгүл холдинг башкаруу кеңешинин төрагасы Өмер Фарук Өзгүл менен мода дүйнөсүнөн көп сандаган белгилүү ысым катышты. Абдуррахман Билгич 15 - июлду бир сценарий катары көргөндөр үчүн бул көргөзмөнүн абдан чоң мааниге ээ экендигин айтты.
Өмер Фарук Өзгүл болсо 15 - июлду унутушпагандарын, унутулбай тургандыгын жана унуттурушпай тургандарын айтты. Көргөзмөдө модачы Зейнеп Карталдын атайын долбоорлогон 15 - июлду тема кылып алган кийимдерин мурунку футболчу Жибрел Сиссе жубайы Жуд Сиссе жана Англиянын сулуулук ханышасы Черелл Паттерсон кийди.