ТРТнын Алтын Алма сыйлыгы өз ээлерин тапты

12-Алтын Алма Түрк искусство музыкасынын обон сынагынын финалы Амасияда өткөрүлдү.

581855
ТРТнын Алтын Алма сыйлыгы өз ээлерин тапты

Түркия редио-телеберүү мекемеси-ТРТ, Алтын Алма сыйлыгын 12-жолу өз ээлерине тапшырды.

12-Алтын Алма Түрк искусство музыкасынын обон сынагынын финалы Амасияда өткөрүлдү.

ТРТ жана Амасия мэриясынын кызматташтыгында өткөрүлгөн сынакка 179 искусство чебери 563 чыгармасы менен катышты.

ТРТнын Музыка департаментинин башчылыгы тарабынан түзүлгөн алдын ала белгиленген калыстар тобу тарабынан тандоосу жасалган 10 чыгарма, финалда жарышты.

Биринчиликти «көз ачып жумгучакты сүйүүгө берилгендик көрсөтүп» (Gösterip bir lahza olsun aşka dair bir vefa) аттуу чыгарма жеңди.

Чыгарманын обону Бурхан Дуружуга, сөзү Гүлер Туранга таандык...

Экинчликти Яшар Абрур, сөзү Севинч Атанга таандык «Көздөрүңдүн түсү кандай?» (Gözlerinin rengi nedir) чыгармасы алса, үчүнчүлүктү да обончу Өздемир Хафызоглу, сөзү Хүсейин Балканжыга таандык «Жааба жамгыр жааба, бекер аракет кылба» (Yağma yağmur yağma, boşa uğraşma) аттуу чыгармасы алды.



Тектеш кабарлар