Жастин Биберди камоо буйругу жоюлду

Бирок Аргентинага гастроль менен бара албайт

492430
Жастин Биберди камоо буйругу жоюлду

Канадалык поп ырчысы Жастин Бибер өзү тууралуу териштирүүдөн улам март айында башталган дүйнө гастролунун негизинде Аргентинага барбай тургандыгын жарыялады. Социалдык бөлүшүү сайты Twitterден маалымат берген Бибер Аргентинага барууна каалаганына карабастан адвокаттарынын бул өлкөдө концерт берүүнүн өзү үчүн ылайык эмес экендигин айтышкандарын белгиледи.

Бибер : «Эгер абал башка болгондо  ал жакка барууну абдан каалар элем. Бирок бул жолу бара албайм»,- деди. Белгилүү ырчы 2013 – жылы эки коргоочусуна фотограф Диего Песоаны урдуруу менен күнөөлөнүп жатат. Бирок июль айында Аргентинада бир сот Бибер тууралуу 2013 -  жылы өлкөдө чыгарылган камоо буйругун жойду.

Камоо буйругунун жоюлганына карабастан Бибер тууралуу күнөлөөлөр жоюлган жок. Сот маалыматтарына караганда Бибердин окуя тууралуу тергөөгө алынуусу үчүн күндүн белгилениши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар