Нооруз-дүйнөлүк маданияттар мурасы...

Кыргызстандан Гүлжигит Калыков, Гүлнур Асанова, Сайра Момунбаева, "Акак" музыка тобу жана "Сымбат" бийчилер тобу БУУга барып Кыргызстанды өкүлдүк кылышат.

455469
Нооруз-дүйнөлүк маданияттар мурасы...

Борбор калаа Анкарада Нооруз майрамы боюнча иш-чаралар өттү.

Миңдеген жылдар бою жаздын жарчысы катары Орто Азия, Анадолу жана Балканда майрамдалган Нооруз, Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилет.

Күн менен түн теңелген, бактар бүчүр байлаган, үмүттөр арткан Нооруз майрамы Анкарада белгиленди.

Маданият жана туризм министрлиги менен Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун кызматташуусунда аткарылган Нооруз майрамына арналган иш-чараны калың эл көрдү.

Азербайжан,Казакстан,Кыргызстан, Македония,Монголия, Гагаузия,Өзбекстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген ыр чеберлер өз өнөрлөрүн тартуулашып, көргөндөрдү суктандырды. Улуттук аспаптар, кийимдер, бий көрсөтүүлөрү кечени шаңга бөлөдү.

Мамлекеттик опера жана балет театрында өткөн программага көп сандаган өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

9 өлкөнүн тандалган ырлары жана фольклордук бийлеринен турган концертте ар башка аймактардан көрүүчүлөр да бар эле. ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов өз сөзүндө биримдик жана ынтымакка чакырды.

Нооруз, Бириккен Улуттар Уюмунун 2010-жылы чыгарган чечими менен кабыл алган "Эл аралык Нооруз күнү" үчүн БУУда 6-жолу майрамдоо программасы уюштурулду.

Түркия, Ооганстан, Азербайжан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрү, БУУдагы ECOSOC залында уюштурган майрамдоодо, тынчтык жана туугандык маалыматын берди.

Программада сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Нооруздун дүйнөлүк маданият мурасы болгонун айтты.

Дүйнөдө Ноорузду майрамдаган жүз миллиондогон адамдарга кошулгандыгы үчүн бактылуу болгонун сөз кылган Пан: "Учурдун чек ара жана бөлүнүүлөрүнөн аябай эле байыркы тарыхка ээ болгон Нооруз бул өзгөчөлүгү менен тоскоолдуктарды кулатууда жана ишенич байланыштарын куруууда",-деди.

Пан,Нооруздун ар түрдүү байлыктардын биримдиги болгонун баса белгиледи.

Эске сала кетсек Анкарада концерт койгон топ бүгүн АКШга жол тартышат жана БУУнун борбордук имаратында Түрк дүйнөсүнүн маданияттарын дүйнө элине тартуулашат. Ал топтун ичинде Кыргызстандан Гүлжигит Калыков, Гүлнур Асанова, Сайра Момунбаева, "Акак" музыка тобу жана "Сымбат" бийчилер тобу бар. Бул иш-чара тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилет.



Тектеш кабарлар