«Анадолу Атеши» бий тобу Сома үчүн сахнага чыкты

70318
«Анадолу Атеши» бий тобу Сома үчүн сахнага чыкты

«Анадолу Атеши» бий тобу Сома үчүн сахнага чыкты.
Мустафа Эрдоган жетектеген «Анадолу Атеши» бий тобу Манисанын Сома районундагы шахта кырсыгында каза тапкан жумушчулардын үй-бүлөлөрүнө арнап концерт койду.
Концертти араларында жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер да болгон 3 миңдей киши көрдү.
Сомадагы шахта кырсыгында каза болгон жумушчуларды чагылдырган хореографияны да тартуулаган бий тобунун өнөрүнө көрүүчүлөр көпкө кол чаап турушту. Концерттен түшкөн каражат Сомада каза болгон жумушчулардын үй-бүлөлөрүнө жумшалат.
Мустафа Эрдоган Антальяда ноябрь айына чейин концерттик иш-чараларын уланта тургандарын жана келээрки айда да концерт кое тургандарын белгилеп: «Андан кийин Германия, Азербайжан, Тунис, Палестина, Бельгия жана Нидерландияда сахнага чыгабыз. Айрыкча Кытай менен Орусияда да гастролдор уланып жатат»,- деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар