Өзпетек тарткан кино итальян Оскарына талапкер

Ферзан Өзпетек мындан мурда 2002-жылы «Маңдайдагы терезе» аттуу тасмасы менен 5 тармакта «Дэвид ди Донателло» сыйлыгын жеңип алган.

67180
Өзпетек тарткан кино  итальян Оскарына талапкер

Өзпетектин акыркы киносу 11 тармакта итальян оскарына талапкер.
Италияда жашаган түрк режиссер Ферзан Өзпетектин «Кемериңизди байлаңыз!» аттуу киносу, «Италиянын оскары» катары кабыл алынган «Дэвид ди Донателло» кино сыйлыктаррында 11 тармакта сыйлыкка талапкер көрсөтүлдү.
Өзпетектин сценарийин Жанни Ромоли менен бирге жазып Лечче шаарында тарткан «Кемериңизди байлаңыз!» аттуу киносу, эң мыкты режссер, эң мыкты аял оюнчу, эң мыкты жардамчы аял оюнчу, эң мыкты видео режиссеру, эң мыкты музыка, эң мыкты сет долбооору, эң мыкты костюм,эң мыкты макяж, эң мыкты чач жасалгалоо, эң мыкты монтаж жана эң мыкты үн тармактарында сылыкка ылайык көрсөтүлдү.
Ферзан Өзпетек мындан мурда 2002-жылы «Маңдайдагы терезе» аттуу тасмасы менен 5 тармакта «Дэвид ди Донателло» сыйлыгын жеңип алган.
Быйыл «Эң мыкты чет тилдеги тасма» Оскарын жеңип алган Паоло Соррентинонун «La Grande Bellezza» тасмасы 18, режиссер Паоло Вирзинин «Human Capital» тасмасы болсо 19 тармакта талапкер болгон «Дэвид ди Донателло» сыйлыктарынын 58си 10-июнда өткөрүлө турган азем менен ээлерине тапшырылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар