АКШда көргөзмөгө коюлган буюмдар адамды суктандырат

Маданият жана туризм министри Өмер Челик Америка Кошмо Штаттарында Метрополитан музейин кыдырды.

63369
АКШда көргөзмөгө коюлган буюмдар адамды суктандырат

Маданият жана туризм министри Өмер Челик Америка Кошмо Штаттарында Метрополитан музейин кыдырды.
Ал жердеги чыгармаларды жакындан иликтеген министр Челик америкалык жооптуулардын Түрк-Ислам тарыхына таандык чыгармаларды кылдат сактап жатышкандыгына ыраазы болгонун сөз кылды.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик Нью-Йорктогу жолугушууларынын алкагында Метрополитан искусство музейин кыдырып, жооптуулардан маалымат алды.
Сапарынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Челик АКШдан Түркияга таандык тарыхый табылгалардын кайтарылышына карай талаптары болбогонун айтты.
Челик: «Бул музейде адамзаттык мурасына таандык чыгармалардын ошондой эле ислам дүйнөсүнө таандык чыгармалардын ушунчалык жакшы сакталганына жана көргөзмөгө коюлганына абдан ыраазы болдук. Аларды куттуктаймын»,-деди.
Челик кайтарылышы талап кылынган табылгалардын катталгандар эмес, уурдалып кеткендер болгонун белгилеп өттү.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик министрлер кеңешинин бекитүүсү менен курулган «Чанаккале-2015 агенттиги» проектинин алкагында 36 өлкөдө Чанаккале согушуна байланыштуу эскерүү аземдери уюштурулушу максатталганын белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар