Дүйнөлүк жазуучулар Стамбулда балдар менен жолугушууда

Стамбулдагы «Чет өлкөлүк жазуучулар мектептерде» аттуу иш-чарага 8 өлкөдөн балдардын китебин жазган 8 жазуучу катышууда.

62835
Дүйнөлүк жазуучулар Стамбулда балдар менен жолугушууда

Дүйнөлүк жазуучулар Стамбулда балдар менен жолугушууда.
Стамбулдагы «Чет өлкөлүк жазуучулар мектептерде» аттуу иш-чарага 8 өлкөдөн  балдардын китебин жазган 8 жазуучу катышууда. 20 мектепте өткөрүлө турган проект аркылуу балдар жазуучулар менен маектешүү, чогуу окуу мүмкүнчүлүгүн табышат.
Алардын арасында швециялык жазуучу Аса Линд, нидерландиялык адабиятчы Мэтт Маритген, немис Юрген Банчерус... Бул ысымдар Стамбулдагы «Чет өлкөлүк жазуучулар мектептерде» иш-чарасына катышкан дүйнөгө таанымал атактуу жазуучулардан бир канчасы.
«Танпынар» атындагы адабият фестивалынын алкагында быйыл үчүнчүсү өткөрүлгөн проектте жазуучулар, 20 мамлекеттик мектепте башталгыч жана орто мектептин окуучулары менен жолугуп алар менен маектешет.
Иш-чаранын алкагында жаратуучу жазуучулук ательелери да уюштурулат.
«Чет өлкөлүк жазуучулар мектептерде» проектинин биринчи иш-чарасы шаршемби күнү өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар