Акико Микаса Түркияда...

Акико Микаса 2012-жылы дүйнөдөн кайткан атасы принц Томохито Микасаны эскерүү концертине катышты.

61540
Акико Микаса Түркияда...

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан өлкөбүздө конок кылынган Япониянын Алтес принсессасы Акико Микаса 2012-жылы дүйнөдөн кайткан атасы принц Томохито Микасаны эскерүү концертине катышты. Ал түрк досу эле.
Түрк-япон достугу жана кызматташтыгынын чыңдалышында маанилүү кадамдарды таштаган түрк досу Алтес принци Томохито Микасага арналып президенттик Симфония оркестри тарабынан өткөрүлгөн концерт чоң кызыгуу тапты.
Япон чеберлер сахнага чыккан кечеде принц Томохито Микасанын Түркия жана Япониянын достук карым-катнаштарынын өнүгүшүнө карай кылган иштерине көңүл бурулду.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик: «Алтес принци Микаса эки өлкөнүн ортосунда түбөлүктүү көпүрө курду. Урматтуу принцесса атаңызды чоң урматтоо менен эскеремин»,-деп айтты.
Алтес принцессасы Акико Микаса да: «Атам үчүн Түркиянын атайын бир өлкө болгонун чын жүрөктөн сезүүдөмүн. Атамдын табытына көп колдонгон буюмдары менен катар көп кийген Түркия желеги бар футболкасын да койдук. Атамдын Түркия желеги бар футболкасы менен жылмайган көрүнүшүнүн түрк калкынын көңүлүндө түбөлүктүү орун алышын тилеймин»,-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар