Кутубузга кат келди-24

"Кутубузга кат келди" аттуу программабыздын кезектеги чыгарылышы.

876289
Кутубузга кат келди-24

Урматтуу окурмандар, «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат.

Бүгүнкү программабызды Кыргыз-Түрк Манас университетин бүтүрүүчүсү, Эгей университетинин коммуникация факультетинин магистр программасынын бүтүрүүчүсү Мээрим Сыдыгалиеванын эскерме катына бөлдүк. Анда кулак салыңыздар...

Кыргызстандан Түркияга баргандардын кээ бирлери жумуш издесе, кээ бирлери билим издегендер. Алардын арасында ошол жактан бакытын таап, үй бүлө күтүп, байырлап биротоло жашап калгандар дагы жок эмес. Ал эми мен болсо билим издеп баргандардын катарындамын. Андыктан бул катта баяндай тургандарым чет жерде окуп жүргөн студенттин байкоолорун жана жашоосундагы айрым окуяларын камтыйт.
2010-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин бүтүргөн соң, билимимди жогорулатыш үчүн    Түркиянын Измир шаарына сапар тарттым. Ал жакта Эге                   университетинде коммуникация факультетинде 2 жыл магистратурада окудум. Ошол убакыт ичинде окуудан  сырткары аздыр-көптүр Түркияны жана түрк элин таанып-билгенге аракет кылдым. Измир 5 миллионго жакын калкы бар, деңиз менен курчалган, өтө кооз шаар. Жайкысын ысык, кышкысын жылуу келет. Измирде коомдук транспорт абдан өнүккөн. Автобус, метро, трамвай, кеме ж.б. транспорттун түрлөрү түнкү саат 12ге чейин графиктеги убактысынан кечикпей, калкты тейлеп турат. Дагы бир жакшы жагы студенттер жол киренин жарым баасын гана төлөйт. Ал эми коомдук транспорттордогу мен байкаган жагымсыз көрүнүш кары-картаңдарга орун бошотуу деген түшүнүктүн   аздыгы. Кыргызстанда көнгөнүбүздөй ордуңан туруп улууларга "отуруп алыңыз десең" айрымдары чочугансып таң калып, айрымдары чын дилинен рахмат айтат. "Биздин учурда жаштар ар дайым орун беришчү" деп кейигендери да бар.  Өзүм Измирде окуганым менен Түркиянын көптөгөн шаарларын кыдырууга жетиштим. Анткени бир шаардан экинчи шаарга автобустар байма-бай каттап турат. Ичинде ысык чай, кофе, ар бир отургучта өзүнчө телевизор, интернет сыяктуу жакшы шарттар да каралган.
Түркияда банк системасы, китепканалар, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө,          ооруканаларга кезек алуу ж.б. иштердин баары интернеттештирилген. Башкача айтканда көп нерсени үйдөн чыкпай эле бүтүрүп, убакытты үнөмдөөгө болот. Ии баса, оорукана демекчи чыныгы элдин турмушун ошондой эл көп чогулган жерлерде базарда, аялдамада, орууканада көрүүгө болот. Негизи түркиянын эли көп нерсеге кызыгышат жана кандай суроо болбосун аны сурагандан тартынышпайт. Кээде тааныбаган бирөө келип, жеке жашооңду ийне-жибине чейин сураса, жинденип же таң калбай эле кыска-нуска жооп берип, кутулгандан өтөрү жок. Түркияга жаңы барганымда мен деле ар бир кишинин ар бир суроосун тажабай угуп, канааттандыра жооп берүүгө аракеттенчүмүн. Бир жолу оорукананын залында турсам жаныма бир байбиче келди "эмнең ооруйт, эмнеге келдиң " өңдүү суроолорду сурап бүтүп, бир кезде "каяктыксың" деди. Кыргызстандыкмын десем, "ал айыл Измирге жакын элеби" десе болобу. Мен дагы "Жок бир топ алыс" деп жооп бердим. Ал кезде, окшош суроолордон жана окшош жооптордон тажап калган кезим. Бир аз өзгөчөрөөк болсун деп ушунтип койдум)). Чындыгында ал байбичеге деле таарынган жокмун. Себеби ал жакта кат тааныбаган адамдарды жолуктуруу кыйынга турбайт. Албетте өтө билимдүү, илимдүү адамдарда көп. Бирок калктын саны көп жана ар түрдүү болгондуктанбы сабатсыздар кездешип турат. Дагы бир жолу ооруканада 40-45 жаштын тегерегинде бир айым келип, колундагы кагазын мага көрсөтүп, "менин кезегим качан экен" деди. Мен болсо кагазды карабай туруп эле "экранды карап турсаңыз, атыңыз, фамилияңыз чыгат" десем, ал айым "мен окуганды билбейм да" деп айтты.  Эмне себептен кичинесинде окубай   калды экен деп боорум  ооруй түштү. Кыргызстанда мындай нерсени жолуктуруу дээрлик мүмкүн эмес да, бардык жарандар жок дегенде мектепти, такыр болбоду дегенде башталгыч классты бүтүрүшөт эмеспи. Ал эми университеттеги жашоону айта турган болсок, биринчиден мугалимдер өтө жөнөкөй жана кичипейил. Сабактарда лекция жазып отуруу деген нерсе жок. Бир калып менен чектелбей, ар бир сабактын усулу ар башка, студенттер темага карата жана темадан сырткары да өз пикирлерин эркин бирдире алышат. Жалпылап алганда мугалимдин студентке, студенттердин бири-бирине болгон сыйы жогору. Мындай шартта билимдин да сапаты жогору болот эмеспи.
Түркияга барганы шиш така дегенди унуттум. Мейли көчөдө, мейли окууда болсун элдин көбү кийимди көркүнө карап эмес, ыңгайына карап кийишет. Өзгөчө спорттук бут кийимди окуу жайлардын ичинде "эл эмне дейт" дебей кийип жүрүү мага абдан жакты. Эстетикалык жактан туура эмес болушу мүмкүн. Бирок башкысы баскан-турганга тың, ыңгайлуу. Кийинки айта турчу сөзүм ашканага байланыштуу. Түркияга барганда эт жок деле конок тоссо болоорун билдим)). Бизде (өзгөчө түндүк жакта) чара толтура эт болбосо конок конок болдум деп, үй ээси конок тостум деп эсептебейт эмеспи. Ал эми Түркияда андай жок. Эти жок деле жер-жемиштен эле даамдуулап тамак жасап, конок тосуу кадыресе көрүнүш. Мындай нерсе биринчиден ден соолука пайдалуу болсо, экинчиден чыгымы аз болот экен.
Негизи Түркия тууралуу айта берсе сөз көп. Бирок мен катымды ушул жерден токтотууну туура көрдүм. Балким ыңгайы келип калса кебимдин калганын кийинки каттарымда жазаармын...»

Мээрим Сыдыгалиева

Мээрим интернетте дагы биз жөнүндө өз оюн бөлүшө кетиптир, анда ошону окуп берейин,

«Алмаз агай туура айтасыз! Кабарларды которуу өзүнчө чоң иш, ал эми аны обого алып чыгуу өзүнчө чоң иш. Эфирден жүзүңүздү көрбөсөк да, үналгыда мындай түйшүктүү ишти сиз аткарасыз. PS. Бир жолу биз кабинетти бекитип, сыртка кетип калып, которулган жаңылыктарды ала албай, түз эфирге синхрондук которуу менен жаңылык окугансыз. Ошондо сиз эч кимди күнөөлөбөстөн, окуяны бир ооз сөз менен жай гана айтып койгонсуз. Мен ан сайын уялып...Сиздин сабырыңызга баа бергем. Сиздеги адамдык сапаттар элдин баарында болсо кана. Аш менен урганды да, таш менен урганды да сиз дайыма аш менен гана урасыз жана ошенткенден тажабайсыз, эч кимге да наалыбайсыз, нааразыланбайсыз. Ар дайым ден соолукта болуп, ишиңиз илгерилей берсин!» дептир.

Мен бул окуя качан болгон деп эстеп көрсөм, Мээрим да  Кыргыз-Түрк Манас университетинин ийгиликтүү окуучусу катары үч жыл мурда ТРТга иш-тажрыйбасын алууга келиптир. Ошондо жолдоштору менен кошо ТРТга кызыгып кыдырып кеткен кези экен да. Эч нерсе эмес жаштардын кызыкканы, бир нерсе үйрөнүүгө далалат кылганы жакшы...Мээримди мындан аркы эмгек жолунда ийгиликтер коштосун...

Бүгүнкү программабыз ушуну менен аяктап баратат. Программабызды www.trt.net.tr/kyrgyz веб барагыбыздан да окуп, уга аласыздар. Ошондой эле веб барагыбыздагы Айдын суроосуна да жооп жазып белек алыңыздар!

 

 



Тектеш кабарлар