Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 13

Ишке ашыруу программаларында коргонуу өнөр жайы

1112890
Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 13

Ишке ашыруу программаларында коргонуу өнөр жайы

Түркияда 2018-жылдын 24-июнунда бир убакта парламенттик жана президенттик шайлоо өттү. Андан мурда 2017-жылдын 16-апрелинде өткөн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда кабыл алынган тартипте «Президенттик өкмөт системасы» кабыл алынган. Жаңы система мамлекеттеги бир топ тармакта өзгөртүү алып келди. Айрым министрликтер бириктирилди, айрым мекемелер Президенттикке каратылды, айрым мекемелер болсо жабылды. Ушул алкакта Коргонуу өнөр жайы кеңешчилигинин ысымы Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы болду жана түздөн-түз Президенттикке байланыштырылды. Бул учурда жаңы системада Президенттик, «100 күндүк ишке ашыруу программалары» менен министрликтердин жана мекемелердин максаттарын жарыялай баштады. 2018-жылдын 3-августунда «биринчи 100 күндүк ишке ашыруу програмасы» жарыяланып 400 иш-аракет планы максатталган. Алгачкы 100 күндүк программада максатталган иш-аракет пландары маанилүү көлөмдө ишке ашырылды.

Түрк Харб-Иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тема тууралуу талдоосун баяндап берүүдөбүз.

Коргонуу секторуна байланыштуу максаттар Коргонуу өнөр жайы башчылыгы тарабынан ишке ашырылууда. Алгачкы ишке ашыруу программасында максатталган 400 кыймыл планында коргонуу өнөр жайы 48 максат менен биринчи орунда болчу. 2018-жылы 13-декабрда жарыяланган «экинчи 100 күндүк ишке ашыруу програмасында» 24 миллиард лиралык 454 иш-аракет планы орун алууда. Алгачкы ишке ашыруу программасында болгону сыяктуу экинчи ишке ашыруу программасында да коргонуу өнөр жайынын иш-аракеттери 52 максат менен биринчи орунду алды. Ишке ашыруу программасынын таанытуу жыйналышында Президент Эрдоган катышуучуларга жергиликтүү тик учак боюнча күтүлбөгөн жаңылыкты жарыялады. Жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен жасалган Т625 жалпы максаттуу тик учактарын сахнада таанытты. Президент Эрдоган: «Сиздерге күтүлбөгөн жаңылыгыбызды жарыялап жатабыз, көшөгөнү ачуудабыз. Көшөгөнүн артынан көрөлү эмне чыгат? Жергиликтүү тик учагыбыз Гөкбей. 14 киши батат. Көк асмандардын мырзасы болот буюрса. 2021-жылы сериалуу чыгарылышы башталат»,-деди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жүз күндүк 52 коргонуу иш-аракет планы

Президенттик «Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын жол башчылыгында жана 100 күндүк кыска мөөнөттө жасалышы максатталган 52 ишке ашыруу планы бар. Буларды тизмелеп жазуу деле оңой эмес. Ушул себептен ишке ашыруулардын ичинен эң маанилүү болгондорун атай кетели.

Т129 АТАК тик учактары, Түрк куралдуу күчтөрүнүн чабуул тик учактары муктаждыктарынын камсыздалышы максаты менен улуттук мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөр багытында өнүктүрүлдү. Дүйнөдө өз классында эң таасирдүү чабуул тик учактары болуп саналат. Өткөн жылда улуттук тик учактарга улуттук мотор жасалышы темсында долбоорлор башталган. Ушул алкакта 100 күндүк ишке ашыруунун ичинде «өнүктүрүлгөн Атак долбоорунун келишимине кол коюлушу», «АТАК чабуул жана тактикалык чалгындоо тик учактары долбоорунун алкагында 2 тик учак тапшырылуусу» менен «АТАК жана атайын тик учактар үчүн өнүктүрүлгөн Турбошафт мотордун компрессор, күйүүчү бөлмөсү, газ генератору, кубаттуулук турбинасы сыяктуу астыңкы система конфигурациясынын жана орундаткычтарынын белгилениши» орун алды.

Зооттолгон унаалар жана танкалар тууралуу максаттар

Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы, учурубуздун муктаждыктарына жооп берген заманбап улуттук танканын чыгарылышы үчүн жакынкы убакта маанилүү кадамды таштаган. 2018-жылдын 9-ноябрында АЛТАЙ танкасынын сериалуу чыгарылышы үчүн келишимге кол коюлду. Келишимдин алкагында сериалуу жасап чыгаруу конвейеринин курулуусу жана 250 даана АЛТАЙ танкасынын жасалып чыгышы келишим менен белгиленди. Алгачкы танканын Кургактык күчтөрүнө 18 айдан кийин тапшырылышы максатталды. Ушул алкакта 100 күндүк ишке ашыруу программасында АЛТАЙ сериалуу чыгаруу долбоорунун алкагында кубаттуулук тобу менен кошо орчундуу астыңкы системасынын келишимдерине кол коюлушу» орун алды. Программада айрыкча «ФЫРАТ-М60Т долбоорунун алкагында 7 даана танканын модернизацияланышы менен бирге М60ТМ санынын 146га жеткирилиши», «Зооттолгон унааларда колдунулушу үчүн өнүктүрүлгөн Улуттук кубаттулук тобу UTKU долбоорунун алкагында трансмиссиялык кабылдоочу долбоорунун бүтүрүлүшү», «Атайын максаттуу тактикалык дөңгөлөктүү зооттолгон унаалар (ÖMTTZA) долбоору келишимине кол коюлушу» менен «Зооттолгон унаа долбоорлорунун алкагында ар башка моделдердеги жалпы 255 унаанын тапшырылышынын ишке ашырылышы» көздөлүүдө. Террор менен күрөшүүдө маанилүү таасирлери болгон атайын максаттуу тактикалык дөңгөлөктүү унаалардан көп санда тапышырыла турган болушу коопсуздук күчтөрүнүн таасирин арттырат.

Учкучсуз учуучу аппараттар, айдоочусуз кургактык унаалары жана жасалма аң-сезим

Дүйнөдө учкучсуз учуучу аппарат жасап чыгарган 6 өлкөдөн бири катары Түркия да, 100 күндүк иш-аракет программасынын аклагында 5 даана кошумча тактикалык учкучсуз учуучу аппарат (Байрактар- ТВ-2) менен 2 даана кошумча ыкчам учкучсуз учуучу аппарат (АНКА-С) тапышырылышы максатталууда. Ишке ашыруу программасында орун алган максаттарга караганыбызда коргонуу өнөр жайы технологиясында канчалык маанилүү жерге жеткенибиз көрүнүп турат.

Экинчи 100 күндүк ишке ашыруу программасындагы өнүккөн технололгияны талап кылган айрым максаттар болсо мындай:

-125 даана мылтык тибиндеги Дрон/кичине учукучсуз учуучу аппаратты чабыштыруучу системасынын тапшырылышы жана Коопсуздук башкы директорлугу менен аркада ташылуучу, унаа жана сумка тибиндеги чаташтыруучу системаны камсыздоо долбоорунун келишимине кол коюлушу,

-Колго жасалган жарылуучу заттардын (EYP)жогорку күчтүү микротолкун технологиясы менен аныкталышы жана зыянсыздаштырылышын камсыздай турган электроникалык өткөргүчтүү колго жасалган жарылуучу зат аппараттарын аныктоочу жана зыянсыздаштыруучу долбоордун келишимине кол коюлушу.

Жеңил/орто класста баштатылган учкучсуз учуучу аппараттар долбоорунун тендеринин өткөрүлүшү, учурдагы мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөр боюнча колдонуучулардын баа берүүлөрүнүн алынышы максаты менен көрсөтүү сыноосу ишке ашырылышы.

-Жасалма аң-сезим жана роботтук технологиялардын өнүктүрүшүнүн алкагында 117 SAGA кайрылуусунун баа берилиши жана келишимдерге кол коюлушу.

-Үйүрлүү учкучсуз учуучу аппараттар боюнча технологияны өнүктүрүү жана көрсөтүү долбоорунун баштатылышы.

Абдан өнүккөн өлкөлөр жасай алган коргонуу техникаларын, Түркия эми өз мүмкүнчүлүгү менен жасай алгыдай абалга келди. Коргонуу өнөр жайынын максаттары сан жагынан ишке ашыруу программаларында биринчи орунда орун алууда. Ишке ашыруу программасын таанытуу жыйналышында улуттук тик учактардын Президент тарабынан көрсөтүлүшү да Президенттин коргонуу өнөр жайына берген маанисин көрсөтүп турат. Түркия аймактык жана глобалдык коркунучтарга каршы коргонуу өнөр жайында маанилүү өнүгүүлөрдү ишке ашыруусун улантууда.

Түрк Харб-Иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тема тууралуу талдоосу.

 



Тектеш кабарлар