Ислам тарбиясы - 18

Исламда ыйык күндөр

481543
Ислам тарбиясы  - 18

 

Коомдор үчүн кээ бир күндөрдүн, убакыттардын өзүнчө мааниси бар.  Кандайдыр бир күндүн, мезгилдин, убакыттын ыйыктыгы бир гана Алла же Азырети Пайгамбардын ал мезгилге баа берүүсү менен болот. Ушунун негизинде Рамазан айы, Кадыр түн, жума күнү жана бул күндө дуалар кабыл болгон мезгил тилими мубарек деп кабыл алынган. Акыйкаттан да Кураанда же хадистерде булардын ар бирине баа берилген. Кураан же Азырети Пайгамбар тууралуу кээ бир маанилүү окуялар бул мезгил тилимдерине баа берген.

Исламда ыйык деп кабыл алынган ай, күн жана түндөр, исламдын өзгөчөлүктөрү болуп саналат. Улуу Алла бул күндөрдү кулдарына күнөөлөрүнөн арылуу же сооп жана руханий таасирин арттыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк катары сунуштаган. Бул күндөр бир жылдын ичинде бөлүштүрүлгөн. Ошондуктан мубарек ай, күн жана түндөрдө мусулмандардын диний турмушу жанданат. Момун катары диний аң – сезими артат жана эрки күчтөнөт.

Ай жылын негиз кылып алган хижра календарынын Режеп, Шабан жана Рамазан айлары үч айлар деп аталат. Азырети Пайгамбардын бул айларда дагы көп ыбадат кылганы жана сахабаларына да бул айларда дагы көп ыбадат кылууларын сунуш кылганы билинет. Жылдын эң ыйык айларынан орозо айы болгон Рамазан жана ажыга барылган Зилхижже айлары экени айтыла алат. Бир айга созулган жана бир жылда бир жолу келген орозо менен өмүрдө бир жолу парз болгон ажылык ыбадаты бул мезгил тилиминин ичинде. Жуманын күндөрүнүн ичинде жума күн, жуманын эң берекелүү күнү катары кабыл алынган. Мусулмандар жумалык сүйлөшүүлөрүн өткөргөн атайын жыйналыштары менен майрам күнү катары мааниге ээ болгон. Кураанда да атайын белгиленген жума намазы ушул күнү окулат. Айрыкча көптөгөн хадисте да жума күнү макталган. Азырети Пайгамбар бир хадисинде : «Баарынан кайрымдуу күн жума күнү. Адам ал күнү жаратылды, бейишке ал күнү кирип, жер жүзүнө ошол күнү түштү, тообосу ошол күнү кабыл алынды, ал күнү каза болду, кыямат да ошол күнү болуп, Алла катында  сооптор арттырылган күн»,- деп айткан.

Пайгамбарыбыздын : «Жумада бир саат бар, кайсы мусулман намаз окуганда бул саатка туш келип, Алладан бир нерсе суранса, Алла каалаган нерсесин ага сөзсүз берет»,- деген маанидеги хадиси жума күндөгү бул убакытта кылына турган ыбадатка басым жасаган. Дуалар кабыл болгон бул учурдун так түрдө белгиленбеши да жума күнгө баа берилиши керектигин көрсөтүүдө.

Ашуре күнү, арапа күнү, Рамазан жана Курман айт майрамдары да жылдын ыйык күндөрү. Кадыр түн, Берат түнү, Мирач түнү жана Азырети Пайгамбар туулган түн болгон Мевлют түнү да жылдын эң ыйык түндөрү. Бул күн жана түндөрдүн арасында эч шексиз эң ыйык болгону Кадыр түн. Мунун себеби Кураандын бул түнү түшүрүлүшү. Кураанда бул түнү атайын бир сүрөөдө айтылган : Кураандын Кадыр түндө  түшүрүлгөнү билдирилип жана Кадыр түндүн миң айдан дагы кайрымдуу экендиги кабар берилген. Пайгамбарыбыз : «Бул айда бир түн бар. Миң айдан дагы кайрымдуу. Бул түндүн кайрымдуулугунан алыс калган миң айдын карымдуулугунан алыс калган болот»,- деп Кадыр түндүн маанисин белгилеген.

 Бир күндүк заман тилиминин ар бир сааты да диний жактан бирдей эмес. Түн бүтүп, жаңы күндүн башталышына жакын калганда, таң атаар мезгил  түн ичиндеги эң баалуу убакыт. Бул убакытта окулган нафиль намазга техежжүд намазы деп айтылат. Улуу Алла Пайгамбарыбызга түндүн бир бөлүгүндө техежжүд намазы окууну буйрук кылган. Сахабаларынын бирөөсүнүн : «Эй Алланын расулу Аллага башкаларга караганда дагы жакын боло турган убакыт барбы же атайын тандала турган бир мезгил барбы?»,- деген суроосуна пайгамбарыбыз мынтип жооп берген : «Ооба. Азиз жана Желил болгон Алланын кулуна эң жакын болгон мезгил түндүн акырына карай кеткен убакыт. Ал сааттарда Алланы эскергендерден болсоңуз ал каалаганыңызды аткарат! Эч шексиз ал убакыттарда окулган намаздарда периштелер даяр турушат жана күбөө болушат».

Мусулман  убакыт түшүнүгүнө Кураан жана сүннөткө жараша форма бериши керек, убактысын кулдук аң – сезими менен өткөрүүсү керек жана мубарек күндөрдүн кадырын жакшы билиши керек. Бул күндөргө акырет турмушуна карата кыймыл катары кароо керек.



Тектеш кабарлар