Түркия-БАЭ өнүгүү жолу долбоору

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Стамбулда БАЭ инвестиция министри Мухаммед Бин Хасан Аль Сувейди менен жолугушту.

2132962
Түркия-БАЭ өнүгүү жолу долбоору

Түркия, Ирак, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ортосунда кол коюлган кызматташтык меморандумунан кийин Өнүгүү жолу долбоору боюнча демилгелер ылдамдады.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Стамбулда БАЭнин инвестиция министри Мухаммед Бин Хасан Аль Сувейди менен жолугушту.

Министр Уралоглу билдирүүсүндө жолугушууда Перс булуңун Түркия аркылуу Европага байланыштыра турган Өнүгүү жолу долбоору жана эки өлкөнүн карым-катнаштары сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

Жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөнүн белгилеген министр Уралоглу БАЭнин Өнүгүү жолу долбооруна чоң маани бергенин айтты.

Уралоглу: «Кызматташтыгыбызды улантабыз, бул долбоор Европа жана Азия базарлары менен байланыштын эң экономикалык, эң коопсуз жана эң эффективдүү жолу»,-деди.

Абдулкадир Уралоглу бул процессте төрттүк келишимге кол койгон башка өлкөлөрдүн министрлери менен да жолугуша тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар