Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат

Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.

2128301
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек «Эл аралык валюта фонду (IMF)-Дүйнөлүк банктын жазгы жыйындары» менен «Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана борбордук банктын башкаруучуларынын жыйындарына» катышып эл аралык инвесторлор менен жолугушуу үчүн АКШга жөнөп кетти.

Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын уюштурулган жана дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.

Инфляция жана геосаясий чыңалууга байланыштуу тынчсыздануулар күчөгөн учурда өткөрүлгөн жыйындар АКШнын борбор шаары Вашингтондо 20-апрелге чейин уланат.

Жыйындарга Түркиянын атынан катыша турган министр Шимшек АКШга жөнөп кетти.

Шимшектин эртең Эл аралык Финансы Институту тарабынан уюштурула турган Глобалдык көз караш форумуна катышуусу пландалууда.

Бейшемби күнү да «Түркия: Туруксуз глобалдык экономикада алдыга жылуу» аттуу иш-чарада сөз сүйлөөсү күтүлгөн Шимшек, программаларынын алкагында Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана борбордук банктын башкаруучуларынын жыйынына да катышат.

Министр Шимшек кредит рейтинг агенттиктеринин өкүлдөрү, өлкөлөрдүн финансы министрлери, борбордук банктын жетекчилери, жеке сектор жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана академиктер катыша турган жыйындардын алкагында көптөгөн чет элдик инвестор менен да жолугушууларды өткөрмөкчү.



Тектеш кабарлар