Дүйнөлүк банктын божомолдоосу

Дүйнөлүк банк Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасы боюнча отчетун жарыялады.

2127010
Дүйнөлүк банктын божомолдоосу

Дүйнөлүк банк Түркиянын экономикасынын быйыл 3 пайыз, келерки жылы 3,6 пайызга өсөөрүн болжолдоодо.

Дүйнөлүк банк Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасы боюнча отчетун жарыялады.

Отчетто глобалдык экономиканын алсырашы, катаал акча саясаты, Кытайдагы басаңдоо жана чийки зат бааларынын төмөндөшү региондун өсүү перспективасына кысым жасагандыктан быйыл Европа менен Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан экономикаларында басаңдоо күтүлүп жатканы белгиленди.

Орусия менен согуштан жапа чеккен Украинанын экономикасынын кайра өсүшкө кайтып келиши жана Борбор Азиядагы күчтүү жандануунун негизинде өткөн жылы Европа жана Борбор Азия экономикасынын 3,3 пайызга өскөндүгү айтылган отчетто, аймак экономикасынын өсүү темпинин быйыл 2,8 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Отчетто Европа менен Борбор Азиянын экономикасынын келерки жылы 2,7 пайызга өсөрүнүн болжолдонгону маалымдалды.

Кабарда түрк экономикасынын быйыл 3 пайыз, келерки жылы 3,6 пайызга өсөрүнүн күтүлгөнү билдирилди.

Банктын отчетунда, катаал акча саясатынын таасири менен инфляциянын май айында эң жогорку чекке жеткенден кийин акырындык менен төмөндөшү күтүлүп жатканы айтылды.



Тектеш кабарлар