Түркиянын жер жаңгак экспорту

Жылдын алгачкы 3 айында Түркиядан 69 өлкөгө 73 миллион 790 миң долларлык жер жаңгак экспорттолду.

2125773
Түркиянын жер жаңгак экспорту

Жылдын алгачкы 3 айында Түркиядан 69 өлкөгө 73 миллион 790 миң долларлык жер жаңгак экспорттолду.

Өткөн жылдын январь-март мезгилинде жер жаңгак экспортунан 24 миллион 250 миң доллар киреше алынса, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 73 миллион 790 миң долларга жетти.

Италия Түркиядан эң көп жер жаңгак экспорттогон өлкөлөрдүн бири. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында 69 өлкөгө жер жаңгак экспорттогон Түркия, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Италияга 12 миллион 145 миң долларлык жер жаңгак сатты.

Жер жаңгак экспортунда Италиядан кийин 11 миллион 835 миң доллар менен Германия жана 9 миллион 116 миң доллар менен Ирак келди.

 

 



Тектеш кабарлар