Түркиянын унаа экспорту рекорд жаңылады

Өткөн айда өлкө боюнча 109 миң 828 даана автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа сатылды.

2123651
Түркиянын унаа экспорту рекорд жаңылады

Түркияда унаа соодасы март айларынын рекордун жаңылады.

Өткөн айда өлкө боюнча 109 миң 828 даана автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа сатылды.

Өткөн айда автоунаа соодасы 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,9 пайызга өсүп 87 миң 71 даанага, жеңил коммерциялык унаа рыногу 7,9 пайызга азайып 22 миң 757ни түздү. Автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа рыногу март айында 10 жылдык орточо сатууга караганда 50,9 пайызга өстү.

Автоунаа жана жеңил коммерциялык унаалардын жалпы рыногу январь-март мезгилинде да жылдык 25,2 пайызга өсүп 295 миң 519 даанага жетти.



Тектеш кабарлар