Түркия 25 өлкөгө чалап экспорттоду
Акыркы 5 жылда чалаптын экспортунан түшкөн киреше 7 миллион 695 миң 940 долларды түздү.
Түркиянын улуттук суусундугу чалап 4 континенттеги 25 өлкөгө экспорттолду.
Түркия Статистика мекемесинин маалыматына караганда, Түркия 2023-жылы 3 миң 438 тонна чалап экспортунан 2,5 миллион долларга жакын киреше тапты.
Акыркы 5 жылда чалаптын экспортунан түшкөн киреше 7 миллион 695 миң 940 долларды түздү.
2021-жылы биринчи жолу 1 миллион доллардан ашкан чалаптын экспорту өткөн жылы да 2 миллион долларлык чектен ашкан болду.
2019-жылы 12 өлкөгө экспорт жасалса, өткөн жылы Азиядан Европага, Африкадан Америкага чейин 4 континенттеги 25 өлкөгө чалап жөнөтүлдү.
Грузия эң көп чалап экспорттолгон өлкө катары өзгөчөлөндү. Өткөн жылы бул өлкөгө 1720 тонна чалап жөнөтүлүп, түшкөн киреше 1 миллион 103 миң долларды түздү.
Грузиядан кийин 485 миң долларлык экспорт менен Кувейт турат. Ливия болсо 236 миң доллар менен үчүнчү орунду ээледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү өстү
Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.