Түркияда автоунаа сатууда рекорд

Өткөн айда өлкө боюнча 105 миң 990 автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа сатылды.

2110579
Түркияда автоунаа сатууда рекорд

Түркияда унаа сатуу өткөн айда 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30,6 пайызга өсүп, февраль айларынын рекордун жаңылады.

Өткөн айда өлкө боюнча 105 миң 990 автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа сатылды. Бул сатуу февраль айындагы бардык убакыттын рекорду катары катталды.

Февраль айында автоунаа сатуу 39,67 пайызга өсүп 82 миң 277 даанага, жеңил коммерциялык унаа соодасы болсо 6,6 пайызга өсүп 23 миң 713 даанага жетти.

Автоунаа жана жеңил коммерциялык унаа рыногу февраль айында 10 жылдык орточо сатууга салыштырмалуу 112,6 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар