Түркиянын февраль айындагы экспорту

Соода министри Өмер Болат февраль айындагы экспорт сандарын билдирди.

2109986
Түркиянын февраль айындагы  экспорту

Түркия тарыхынын февраль айындагы эң жогорку экспортун ишке ашырды.

Соода министри Өмер Болат февраль айындагы экспорт сандарын билдирди. 

Түркия Республикасынын негизделген жылы болгон  1923 - жылдан бери эң жогрку февраль айы экспорту жасалды.

Соода министри Өмер Болат : «Экспортубуз февраль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,6 пайыз өсүп, 21 миллиард 86 миллион долларга жетти. Республикабыздын тарыхындагы эң жогорку февраль айынын экспорттук көлөмүнө жеттик»,- деди.

 



Тектеш кабарлар