Түркиянын экономикасы өстү

2023-жыл үчүн ички дүң продукциянын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.

2109047
Түркиянын экономикасы өстү

Түркиянын экономикасы өткөн жылы 4,5 пайызга өстү.

Түркия статистикалык мекемеси (TUIK) өндүрүш ыкмасы менен эсептелген 2023-жыл үчүн ички дүң продукциянын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык түрк экономикасы өткөн жылы 4,5 пайызга, 2023-жылдын акыркы чейрегинде 4 пайызга өстү.

Учурдагы баалар менен алганда ИДП 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 75 пайызга өсүп 26 триллион 276 миллиард 307 миллион лирага жетти.

Киши башына ИДПнын баасы да 307 миң 952 лира (13 миң 110 доллар) деп эсептелди.

Ушундайча түрк экономикасы катары менен 14 чейрек өскөн болду.  



Тектеш кабарлар