Анталья 2024-жылды да жакшы баштады

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан жана 2023-жылы 16 миллион 84 миң 737 кишини кабыл алган шаар бул жылдын башында да активдүүлүгүн улантууда.

2099613
Анталья 2024-жылды да жакшы баштады

Туристтердин саны жана туризм кирешеси боюнча өткөн жылы бардык убакыттардын рекордуна жетишкен Анталья 2024-жылды да тез баштады.

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан жана 2023-жылы 16 миллион 84 миң 737 кишини кабыл алган шаар бул жылдын башында да активдүүлүгүн улантууда.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, жылдын биринчи айында Антальяга 229 миң 97 турист келди.

Өткөн жылы январь айында шаарга 220 миң 10 адам келсе, быйыл туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 4,13 пайызга өстү.

Шаарга келген турист санында 57 миң 366 киши менен орустар биринчи орунду ээледи.

Орусиядан кийин 39 миң 427 турист менен Германия, 17 миң 930 турист менен Англия жана 9 миң 121 турист менен Польша турат.

Украина, Казакстан, Нидерландия, Иран, Бельгия жана Кыргызстан алдыңкы 10 өлкөгө кирген берки өлкөлөр болду.



Тектеш кабарлар