Дан, буурчак жана май өсүмдүктөрүнүн экспорту

Сектордун Түркиянын жалпы айыл чарба экспортундагы үлүшү 33 пайызга жетти.

2099022
Дан, буурчак жана май өсүмдүктөрүнүн экспорту

Түркиянын январь айында дан, буурчак жана май өсүмдүктөрүнөн түшкөн экспорт кирешеси 1,03 миллиард долларды түздү.

Түрк азык-түлүк экспорттоочуларынын (TGİ) билдирүүсүнө караганда, январь айында 1,1 миллион тонналык экспортту ишке ашырган сектордун экспорт кирешеси өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,4 пайызга өстү.

Сектордун Түркиянын жалпы айыл чарба экспортундагы үлүшү 33 пайызга жетти.

Дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктары секторунда эң көп экспортту ишке ашырган облустар Стамбул, Газиантеп жана Мерсин, эң көп экспорт кылынган өлкөлөр болсо Ирак, Америка Кошмо Штаттары жана Сирия болду.



Тектеш кабарлар