АКШнын Борбордук банкы (FED) пайыздык чендерди өзгөртүүсүз калтырды

Борбордук банктын төрагасы Жером Пауэлл болсо акча саясаты чечимдеринен кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2096290
АКШнын Борбордук банкы (FED) пайыздык чендерди өзгөртүүсүз калтырды

АКШнын Борбордук банкы (FED) пайыздык чендерди өзгөртүүсүз калтырды.

Эки күндүк Федералдык Ачык рыноктук комитеттин (FOMC) жыйынынын жыйынтыгында, FED саясат ченди күтүүлөр чегинде өзгөрүүсүз сактап, аны 23 жылдагы эң жогорку деңгээл болгон 5,25-5,50 пайыз деңгээлинде туруктуу кармады.

Банк акча-кредит саясатынын чечими текстине өзгөртүү киргизип жатканда, «кошумча саясатты катаалдаштыруу» мүмкүндүгүнө байланыштуу билдирүүнүн тексттен алынып салынганы байкалды.

FED тарабынан жасалган билдирүүдө экономикалык көз караштын «белгисиз» экени жана FOMC инфляция тобокелдиктери боюнча өтө кылдаттык менен мамиле кылууну улантып жатканы баса белгиленип, инфляциянын туруктуу түрдө 2 пайызга чейин төмөндөп баратканына ишеним пайда болмоюнча саясат ченди төмөндөтүү туура болбой турганы айтылды.

Борбордук банктын төрагасы Жером Пауэлл болсо акча саясаты чечимдеринен кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында саясат ченинин балким эң жогорку чегинде экенине ишенгендерин жана экономика күтүлгөндөй улана турган болсо үстүбүздөгү жылы пайыздык төмөндөтүүгө киришүүнүн туура болорун белгиледи. Ал ошондой эле март айындагы жолугушууга чейин пайыздык ченди төмөндөтүү үчүн талап кылынган ишеним деңгээлине жетүү мүмкүн эмес деп ойлогондугун билдирди.



Тектеш кабарлар